Back to photostream

Бейиш - сөз жеткис рахат!

formula.kg/beyish-s-z-zhetkis-rahat/

Алла Таала Бейишке киргендердин сүрөттөп айтты:

 

«Аллах аларды ал күндүн жамандыгынан сактап, анан аларды нурду жана кубанычтуу кылды. Алардын сабырдуулугу үчүн Бейиш жана жибек (кийим) менен сыйлады.

Алар Бейиште орундактарда жөлөнгөн абалда күндүн аптабынан да, ызгаарды да көрүшпөйт. Аларга көлөкө да жакын болуп, жемиштер да салаңдап турат.

Аларга тамактар тунук чөйчөк -идиштерге алынып келет.

Суусундуктар күмүштөн айнектей жука чөйчөктөр менен керектелүү өлчөмдө ичилет.

Аралашмасы “занжабил аттуу “суусундукду чөйчөктөрдөн ичишет. Жана ошол жерден агып жаткан “салсабил “аттуу булактан суу ичишет…

 

Алардын айланасында түбөлүк жаш уландар кызмат кылышат,силер аларды көргөн кезде чачып жиберлген бермет маржандарбы деп ойлойсуңар.

Качан Бейишти карасаң түгөнгүс жакшылыктарды зор бийликти көрөсүң.

Жука жана калың жибек кийимдерди кийип жүрүшөт.

Алардын колдорунда күмүштөн билериктер,Аллах аларды Бейиштин

суусундуктарына кандырат. Анткени бул силердин аракетиңер (Аллах тарабынан) кабыл болгондуктан, Кудайдын мындай сыйына сооп иштериңерден улам татыктуу болдуңар »

.(Инсан 76;11'22)...

 

Абу Хурейра баяндайт: Пайгамбарыбыз صلي الله عليه و سلم айтты: «Кудуреттүү Аллах Таала айтты: "Мен өзүмдүн салих кулдарыма көз көрбөгөн, кулак укпаган,жан туйбаган нерселерди даярдап койдум ".

Эгер кааласа ңар окуп алгыла: " Бир да жан (жакшылык) кылгандары үчүн сыйлык катары бериле турган көздөрдүн,кубанычтуу жыргалдарды билбейт "(Сажда 32:17) »(Алъ Бухари, Муслим) ..

Суроо: Бейиштегилердин ахвалы кандай болот?

 

Жооп: Оо Бейиш адам көрбөгөн бакыт ,өлүм жок түбөлүк Рахат. Ким бейишке кирсе эч качан чыкпайт. Ал жерде өкүнүч,кайгы капа, душмандык болбойт,тек гана акылды жанды сергиткен куунак жашоо. Көз жайнаткан жемиштер,түркүн түркүн эттер, көңүл көтөргөн шарап ичимдиктер «Биз аларга өздөрү каалагандай жемиш менен этти мол беребиз. Алар бири бирине суусундуктардысунушат. Ал жерде пайдасыз күнөөлүү сөздөр сүйлөнбөйт»(Тур52:22;23)...

 

Суроо: Бейиш ээлери жеп ичеби? Жеп жана ичкен адам кысталышат да?

 

Жооп: Ооба Аллахка ант! Бейишке кирген адам жейт да ичет да. Бирок ал аш кирип ичке кирип, житип ,адамдын денесинен тер түрүндө чыгып турат. Ал тердин жыты -мускус (атыр) . Пайгамбарыбыз صلي الله عليه وسلم риваят кылат: «... Бейиште ар бир кишиге тамактанууга да шарапка 100эркек күчү берилет жана да алардын аялдарын сүйүүгө 100эркектин күчү берилет.» ..

 

Суроо: Бейиште ар бир кишиге аялдыкка кыз берилеби?

 

Жооп: Ооба алар жөнүндө Аллах Таала куранда мындай баяндайт; «....Алар үчүн анда таптаза жубайлар болот жана алар түбөлүкүү калышат ». (Бакара 2:25)..

 

«Биз аларды жаңыдан (керемет

)менен жараттык . (Эч кимди көрбөгөн) кыздар кылдык. Чындап күйөөсүн сүйгөн жаш курактары бирдей...»(Вакиа 56:35'37)...

 

Хуркыздар айдай аппак денелүү,кара көздүү Айчүрөк Сулуулар. Алардын чырайы айыптан ,жүрөктөрү кирден тазаланган .

Бейштеги адам жаздыгында жыргап -бейиш мөмөлөрүнөн татып хурлар менен чер жазып маектешет..

[13:10, 18.08.2015] Насиба Абдуллаева: Суроо: Бейиштегилердин үйлөрү кандай болот?

 

Жооп: «Роббисенен корккондор үчүн алдыларынан агып туруучу дарыялар кабат -кабат салынган бөлмөлөр бар ..»(Зумар 39:20)..

 

Абу Муса аъАш ари айтат: Пайгамбарыбыз صلي الله عليه وسلم айтат: «Чындыгында бейиште чатыр түспөлү уй бар ал тек гана берметтен жасалып узундугу 60мил. Ал чатырда момун мусулманлардын уй бүлөсү турат. Качан ал жакындарына зыярат кылганда ,биринчилери экинчелери көрүшпөйт.»(Алъ Бухари Муслим) ..

 

Суроо: Бейиштин даражалары канча?

 

Жооп: Пайгамбарыбыз صلي الله عليه وسلم айтты: «Чындыгында бейиште 100даража (дэңгел) . Аллах аларды дин жолунда аракет кылгандарга даярдап койгон. Ар бир дээңгелдин арасы асман менен жердин аралыгындай . Эгер Аллахтан сурасаңар фирдаус бейишинен сурагыла.

Чындыгында фирдаус бейиштин төрү жана чокусу анын үстүндө Аллахтын тактысы (арш.)андан бейиштин булактары дарыялары агып чыгат»(Алъ Бухари) ...

 

Деги Бейиштин бир жаа бата турган жери бул дүйнөдөн жакшыраак балуураак (хадис алъ Бухари) ...

 

Эх Бейиш кандай ырахаттуу жер!

 

Бейиштин бар экенин биз билгенде,

Аллахка көр көп дуа кылат элек.

Пайгамбардын сүннөттөрүн так аткарып,

Бейишке туура ачкыч алар элек!

Насиба Абдуллаева,

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

http://formula.kg/beyish-s-z-zhetkis-rahat/

1,164 views
0 faves
0 comments
Uploaded on November 14, 2015